Бишкекте жеке бала бакча өрттөнүп жатат

Бишкек шаарында жайгашкан бала бакча өрттөнүп жатат. Бала бакча Ташкент көчөсүндө орун алган.

ӨКМдин маалыматына караганда, жеринде 3 өрт өчүрүү кызматы жана оперативдүү штаб иштеп жатат.

Белгилүү болгондой чиркөөнүн жанындагы жеке бала бакчадан өрт чыккан.

Балдар бакчадан чыгарылып «Бишкекзеленхоз» ишканасынын имаратына жайгаштырылды.