Бишкекте балдар мушташты

Бул тууралуу Kaktus.media окуянын күбөлөрүн таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 18-август күнү «Айчүрөк» соода борборунун жанында болгон.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

Мушташка катышкандардын өздүгү такталууда.