Кыргызстандын Куралдууу күчтөрүнүн Аскердик институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 18-августта болжол менен 22:10до катталган.
«Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жаратынан жеринде каза болду», — деп айтылат билдирүүдө.
Министрликтен кошумчалашкандай, кызматтык иликтөө дайындалды. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.