
Таласта адам өлтүрүү беренеси менен айыпталган жарандын кылмыш иши шаардык сотто каралууда. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иши Талас шаардык сотуна 2022-жылдын 14-июнунда кайра кароого түшүп, соттук териштирүү 2022-жылдын 29-июнуна кароого дайындалган. Соттук отурумга кээ бир күбөлөр (35 күбө) келбегендигине байланыштуу соттук отурумда бир нече тыныгуу жарыяланган.
«2022-жылдын 16-августунда кылмыш иштин кароосу улантылган учурда айыпталуучунун жактоочусу А.Дуйшоналиев келбей жүргөн күбөлөрдү мажбурлап алып келүү өтүнүчү менен кайрылган жана ал сот тарабынан канаттандырылып, иштин кароосу 2022-жылдын 22-августуна жылдырылган. Мындан тышкары, аталган кылмыш 2021-жылдын 29-декабрь айында болгонун жана кылмыш иши 2022-жылдын 18-майында соттун кароосуна түшкөнгө чейин тергөө органында болгонун эскертип кетмекчибиз»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Талас шаарында милиция кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгонун блогер Назира Айтбекова жабырлануучулардын катына шилтеме берүү менен билдирген. Анда окуя 8 ай мурун болгонун жана учурда милиционер кылмыш жоопкерчилигинен качып жатканы жазылган.
“Мага мындай кат келди: 2021 — жылы 29 — декабрда Талас шаарында МАИ кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгон. 8 айдан бери акыйкаттыкка жете албай жатышат. Бул видеодо аялын сабап жатып , өлтүрүп алганы көрүнүп турат”, — деп жазган ал.