Калктын акчалай кирешелери өткөн жылга салыштырганда 5 пайызга өстү, – Статистика комитети

Бул туурасында Булак.кж басылмасына Улуттук статистика комитети билдирди.

Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын                I кварталында 149,2 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү.

Калктын номиналдык акчалай кирешелери

(млн. сом)

 Бардыгыанын ичинде
эмгек
ишмердигинен түшкөн киреше
социалдык
трансферттер
жеке көмөкчү чарбадан түшкөн кирешебашка
акчалай түшүүлөр
2021     
  Январь-март126 885,685 210,018 446,518 326,44 902,7
  Январь-июнь261 024,9177 397,136 970,334 994,711 662,8
  Январь-сентябрь397 505,4272 605,855 850,351 505,217 544,2
  Январь-декабрь541 755,0368 621,976 310,973 352,323 469,9
2022     
  Январь-март149 193,3101 158,520 354,121 046,86 633,8

2022-жылдын I кварталында керектүү бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелгенкалктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 133,5  млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,2 пайызга көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөрдү жана мүчөлүк салымдарды чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын киши башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2022-жылдын            I кварталында айына 7 420,1 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15,5 пайызга өстү. Кирешенин эң чоң үлүшү (66 пайызды) жумуш менен камсыз болгон кирешеден түшкөн. 

Январь – март айларында калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Калктын акчалай кирешелери өткөн жылга салыштырганда 5 пайызга өстү, - Статистика комитети
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө  статистикасы башкармалыгы         | e-mail: nkerimalieva@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324691    

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).