Буга чейин “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы орусиялык UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовго арналган атайын почта маркасын чыгарганын маалымдаган.
Анда Кыргыз почтасынын төрагасы Марат Черикчиев Нурмагомедовго анын атасы көптөгөн наамдуу спортчуларды тарбиялап өстүргөнүн, почта маркасынын чыгарылышы анын элесин түбөлүккө калтырарын билдирген.
Аталган ишкананын мындай кадамы коомчулук тарабынан сынга кабылып, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Анда жарандар Фейсбук баракчасы аркылуу пикирин билдирип, “Кыргызстан үчүн Хабиб ким?” деген суроолорун узаткан.