
Бишкектин бир нече көчөсү бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бир тараптуу боло турган көчөлөр:
— Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
— Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
— Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).
Учурда аталган көчөлөрдү бир тараптуу кылуу чечими кабыл алынып, тиешелүү органдарга тапшырмалар берилген.