Бишкекте атышуу болуп, 38 жаштагы адам жаракат алган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.
Окуя 7-август күнү болгон. “102” кызматына Карманская көчөсүндө белгисиз адам октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо жүргүзүүдө белгисиз маркадагы тапанча, бир даана гильза табылган. Алдын ала маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган жаран оң санына ок тийип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Бейбаштык”) негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.
Учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
