Жалпы билим берүүчү уюмдарында, башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленгендигин маалымдайт.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.