Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни көчөдөн атып кетишти

Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ көз жумду. Бул тууралуу жапониялык басылмалар жазууда.

Синдзо Абэ Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгү алкагында эл алдында сүйлөп жаткан учурда белгисиз адам далысына эки жолу ок аткан. Абэ ооруканага жеткирилгенден кийин «жүрөк-өпкө системасы токтоп калганы» кабарланган.

2fe43727 695d 4341 9e2a 73193f43f65f Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни көчөдөн атып кетишти

Кол салууга шектелген 41 жаштагы Ямагами Тецуя окуя болгон жерде кармалды. Ал полицияга каршылык көрсөткөн эмес.

Өкмөт кол салууга байланыштуу кризистик штаб түздү. Премьер-министр Фумио Кисида шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу иш сапарын токтотуп, кабинет мүчөлөрүн Токиого чогултту.