
Сокулук районунда кирпич чыгаруучу заводдо кырсык катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Орок айылында жайгашкан кирпич чыгаруучу заводдо 1990-жылы туулган А. уулу М. аттуу эркек кишинин буту кирпич чыгаруучу станокко кыпчылып калган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган бутун чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.