Мамлекеттик фельдъегердик кызматынын түзүлгөнүнө 96 жыл толду

ИИМ: Мамлекеттик фельдъегердик кызматынын түзүлгөнүнө 96 жыл толду


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегердик кызматынын түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы Россия менен бекем байланышта.
Россиянын тарыхында 1710-жылдын 17-ноябрында Пётр1 Россия Падышачылыгынын документтерин тез арада максаттуу жерлерге жеткизүү үчүн Санкт-Петербургдан Москвага чейин атайын курьердик маршрутун ачуу туурасында жарлыкка кол койгон.

Whatsapp image 2022 07 07 at 09. 00. 18 мамлекеттик фельдъегердик кызматынын түзүлгөнүнө 96 жыл толду

Бул жарлык, Пётр1дин 1716-жылы 30-мартта аскердик-курьердик байланыш кызматын түзүү жөнүндө жарлыгын бекиткенге негиз болгон.

Whatsapp image 2022 07 07 at 09. 00. 17 мамлекеттик фельдъегердик кызматынын түзүлгөнүнө 96 жыл толду


1992-жылы 10-февралындагы Кыргыз өкмөтүнүн №33/2 Токтому менен «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фельдъегердик кызматы жөнүндө Жобо» бекитилди. Ушул жобонун негизинде фельдъегердик кызмат иштеп баштаган. Фельдъегердик кызматтын тарыхы Россиянын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү менен гана тыгыз байланышпастан, жаш Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүндө да байланышы бар.

Кыргызстанга эң биринчи фельдъегердик каттам (маршрут) 1921-жылы 7-октябрда Борбордук Аткаруу Комитетинин токтомунун негизинде, Москва-Самара-Оренбург-Ташкент (Кыргызский край) каттамы аркылуу экспресс поезди менен ачылган. Ал каттам экинчи жана төртүнчү күндөрү каттап турган. Ошол күндөн тартып, Кыргызстандын фельдъегердик байланышынын тарыхы башталып калган.

Whatsapp image 2022 07 07 at 09. 00. 17 2 мамлекеттик фельдъегердик кызматынын түзүлгөнүнө 96 жыл толду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фельдъегердик кызматына 96 жыл толот. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фельдъегердик кызматынын өздүк курамын майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик жана бекем ден соолук каалайбыз.
ИИМдин Басма сөз кызматы