Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан ишке киргизилген “Автоураган” аталышындагы жол эрежесин бузуулардын стационардык фото жана видеофиксация комплекстери өлкөнүн негизги жолдорунда иштеп жатат.
Автоураган укук бузууларды болтурбоо жана жол-транспорт кырсыктарын азайтуу үчүн натыйжалуу каражат болуп саналат.
“Автоураган” АПК ишке кириши Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын калк менен тыгыз иштөөсүнө оң таасирин тийгизүүдө. Айтсак, өз убагында издөөгө билдирилген автоууна каражаттарын текшерүүсүнө ыкчам чаралары көрүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришет, ал эми жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштин дистанттык жана автоматташтырылган системасы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге болгон ишенимди кыйла жогорулатат.
Алсак, “Автоураган” АПК кыска убакыттын ичинде Бишкек шаары боюнча иштеп жаткан АМТС 1 222-издөөдө экени аныкталган, алардын ичинен:
- 32 кылмыш издөөдө жүргөндөр ;
- Жол кырсыгы боюнча 60 издөө;
- 18 “мыкты 100 айып төлөбөгөндөр”;
- 410 транспорттук каражаттарды убактылуу каттоону токтотуу, б. а. ээлери сатылган транспорт каражаттарын издегенде;
- “Коопсуз шаар”АИС боюнча 530;
- Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү тарабынан 145 издөө жүргөндөр;
- 27 жана башкалар боюнча изөөдө жүргөндөр.
Алардын ичинен 863 айып токтоочу жайга киргизилген.