Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүу буйрукка Садыр Жапаров кол койду.
“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.
Алтынбек Эргешов буга чейин Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп иштеп келген.
Ага чейин өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2010-жылга чейин ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы болгон.