Эл аралык спорттук фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 13 медалдын ээси болушту

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери алдыга коюлган күжүрмѳн-кызматтык тапшырмаларды так, туура кынтыксыз аткаруу менен бирге ѳлкөбүздүн спорт жана маданият тармагында бир канча ийгиликтерди багындырып келет.
Алсак, Ысык-Кѳл облусунда “Кыргызстандын бермети” аталыштагы IV Эл аралык спорттук фестиваль ѳткѳрүлүп жатат. Дүйнѳнүн 15 өлкөсүнѳн келген спортчулардын катышуусунда өтүп, спорттун 30 түрүн камтыган.


Аталган фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунан 17 кызматкер спорттун 6 түрү боюнча ар кандай салмакта күч сынашып, 13 кызматкер байгелүү орундардын камсыздашты. Алардын арасында бир кесипти аракалаган бир туугандар дагы бар.
-«Пауэрлифтинг» боюнча 1-орунду 100 кг чейинки салмакта 1-батальондун рота командиринин ѳздүк курам менен иштѳѳ боюнча орун басары Мурат Маметов ээледи;

WhatsApp Image 2022 07 01 at 07.38.51 Эл аралык спорттук фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 13 медалдын ээси болушту


-“Ушу-саньда” боюнча 1-орунду 85+кг салмакта полктун атайын операциялар отрядынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Кубаныч Ырыспаев жана 65 кг салмакта полктун Ош шаарында жайгашкан батальонунун кызматкери Алсеит Азизбеков ээлешти.
-“ММА” боюнча 1-орунду 65 кг салмакта полктун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Майрамбек Тентиев ээледи.
-“Кармашып урушуу” боюнча 1-орунду 85 кг салмакта полктун Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын күжүрмѳн-кызматтык жана дене тарбия боюнча улук инспектору Семетей Урбаев, 75 кг салмакта полктун Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Улукбек Рахатбеков, 65 кг салмакта полктун атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Жолдош Балбаев ээлешти. Ал эми 2-орунду 90 кг салмакта полктун атайын операциялар отрядынын кызматкери Азиреткул Туйчиев, 2-орунду 65 кг салмакта Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Данияр Тургунбеков багындырды. “Кармашып урушуу” боюнча кыз-келиндер арасында 2-орунду 65 кг салмакта 2-батальондун 1-ротасынын милиционери Мээримай Мурадилова ээледи. Спорттун бул түрү боюнча 3-орунду 95+кг салмакта полктун атайын операциялар отрядынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Максат Пирматов менен 70 кг салмакта полктун Чуй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жоокери Абималик уулу Байман багындырды.
-“Эр эңиш” боюнча 3-орунга 70 кг салмакта полктун Нарын облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкери Райхан уулу Бактыгул ээ болду.
Полктун жалпы өздүк курамы байгелүү орундарды камсыз кылган эр азаматтарыбызды куттуктап, мындай ары дагы чоң жетишкендиктерди каалайбыз.

WhatsApp Image 2022 07 01 at 07.38.52 Эл аралык спорттук фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 13 медалдын ээси болушту
WhatsApp Image 2022 07 01 at 07.38.52 1 Эл аралык спорттук фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 13 медалдын ээси болушту
WhatsApp Image 2022 07 01 at 07.38.50 Эл аралык спорттук фестивалда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 13 медалдын ээси болушту

ИИМдин Атайын Багыттагы полкунун Басма сөз кызматы