
Президент Садыр Жапаров үчүнчү ирет неберелүү болду. Маалыматты өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
Садыр Жапаровдун эки уулу Рустам менен Ринат үй-бүлөлүү.
Рустам 2019-жылы атасы түрмөдө отурганда үйлөнүп, 2020-жылы кыздуу болгон. Учурда Рустам экинчи ирет ата болду. Ал эми Ринат 2021-жылдын март айында Аяна аттуу кызга баш кошкон. Алар да бир уулдуу болушкан.