Кумарканага каршы митинг Жогорку Кеңештин алдында өтүүдө

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин алдында казинолорду ачууга каршы митинг өтүп жатат. Алар бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өлкөдө кумаркана ачууга багытталган мыйзам долбооруна каршы пикирлерин айтышууда.

Митингчи: “Мен массалык баш аламандыкка чакырган жокмун. Мен Максим Горький паркына барып айтканда ким угат мени Максим Горькийби? Депутаттардын мандатын чакырып алгыла, алар силердин үмүтүңөрдү актаган жок.

Мен Кыргызстанда сойкукана өнүгүп кетишин каалабайм. Өлкө туңгуюкка кептелбеши керек”

Акцияга чыккандар “Кыргызстан казиного каршы” деген ураан менен чыкты.