Тарых музейиндеги талаш

Бишкек шаардык соту Тарых музейинин мурдагы  директору Кеңешбек Алмакүчүковду актаганына байланыштуу мыйзам боюнча өзүнүн кызмат ордуна кайтып келип, ишин улантууга укуктуу. Өзүнүн ак экенин далилдөөгө Алмакүчүков эки жылдан ашык убакыт короткон.

Кеңешбек Алмакүчүков  өзүнүн  24.kg маалымат агенттигине берген комментарийинде «Маданият министри соттун чечимин аткарбай, мени кызматымды калыбына келтирбей жатат. Өлкө эреже менен жашайт», — деген.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов болсо, буга чейинки директордун милдетин аткаруучу Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековнаны иштен бошотуп, ордуна Бакашова Жылдыз Кемеловнаны дайындаган.

Мындан улам коомчулукта Алмакүчүковдун кызмат ордуна кайтып келишин каалабагандар бар деген түкшүмөл ойлор жаралууда.

Эске салсак, Кеңешбек Алмакүчүков 2018-жылы 31-августуна белгиленген тендер боюнча музейдин линиялык кызматкерлери үчүн форма тигүүдө кетирген мүчүлүштүктөргө жол берген деп, сотко чейинки өндүрүш башталганына байланыштуу ал 2020-жылдын ноябрында ээлеген кызматынан бошотулган.