Ысык-Көлгө Орусиядан учактар түз каттай баштайт

Бүгүн, 10-июндан баштап Ысык-Көлдүн Тамчы айылында жайгашкан аэропортко Орусиядан учактар түз каттай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматында, Орусиянын «Аэрофлот», «Урал аба жолдору» жана S7 Airlines авиакомпаниялары Москвадан, Екатеринбургдан, Санкт-Петербургдан жана Новосибирскиден жумасына бир нече жолу каттап турушат. Анткени орусиялык туристтер арасында Ысык-Көлдө эс алууга кызыгуу артууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган каттамдар бара-бара калыбына келүүдө, жакында Орусиянын бир нече шаарына темир жол каттамы да кайра ачылды.