
Ысык-Көл облусундагы Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма маалымат кызматы билдирди.
“Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районун басып өткөн Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда Volvo менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.
Комсомол айылында таңкы саат 5:55те болгон кырсыктын кесепетинен 4 адам, тактап айтканда, 3 эркек жана 1 аял каза болгон”, – деп билдиришти ӨКМден.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөктөрүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
