Профсоюздар федерациясынын мурунку төрагасы Мирбек Асанакунов үй камагына чыкты. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 6-июндагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Мирбек Асанакуновго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү»,— деп айтылат маалыматта.
Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы профсоюздардын мурдагы жетекчилери 5 миллион 756 миң 700 сомду кымырып алган деп шектелип жатканын билдирип, аларды кармаган.