БАЭ Бишкекке инвестиция салууга даяр экенин билдирди

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 3-6-июнь аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болду. Сапардын алкагында ал БАЭ өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө шаар мэри Шейх Мансур ибн Заид Аль Нахайяндын ишенимдүү адамы, “K and К Group” компаниясынын башкы директору, профессор Тажеддин Сейф менен жолугушуп, Бишкек шаарынын мэриясы менен Абу-Даби жана Дубай шаарларынын бизнес жана муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле шаарлардын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүүнү тездетүү жөнүндө да макулдашты.

“Мэр келечектүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды, атап айтканда «Бишкек Сити» көп функционалдуу кварталынын концепциясы, темир жолду шаардан чыгаруу, транспорт маселелери, катуу жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү заводдун курулушу, Бишкек шаарында монорельстүү транспорт системасын түзүү, Кара жыгач токоюн, Ала-Арча, Аламүдүн дарыясын көрктөндүрүү, ЖЭБ-2 реконструкциялоо, Айтматов проспектиси-Масалиев көчөсүнүн боюндагы бульварды жакшыртуу жана башка маселелер.

Өз кезегинде араб тарап бул долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экендигин билдирип, кызматташуунун бир нече варианттарын сунуштады: инвестиция салуу, МЖӨ кызматташуусу жана гранттык жардам”, – деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле мэр маалымат технологиялары менен алектенген “Royal group of technologies” компаниясынын ээлери менен жолуккан. Бул компания “Акылдуу шаар” долбоорлорун Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Мексика сыяктуу өлкөлөрдө ишке ашырган. Жыйындын жыйынтыгында компаниянын Бишкек шаарындагы “Акылдуу шаар” системасына аудит жүргүзүү жана өзүнчө пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүсү боюнча чечими кабыл алынды.

Заводдорду экологиялык жактан таза технологиялар менен куруп жаткан америкалык “ReMining Corporation” компаниясынын директору менен жолугушууда биз алар тараптан аудит жүргүзүп, комбинатты куруу боюнча коммерциялык сунуш берүүнү макулдаштык.

“Меридиан Эко Система” компаниясынын ээси Дмитрий Агасаров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында медициналык калдыктарды плазма-химиялык жок кылуу, башкача айтканда калдыктарды молекулаларга ажыратуу жолу менен утилдештирүү боюнча заводду алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча макулдашууга жетишилген.