ӨКМдин аскерге чакырылган жоокеринин сабалышы боюнча окуя Аскердик прокуратура тарабынан иликтенүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, №86123 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөн катардагы жоокер Бекзат Эсенбековго 4-июнда операция жасалган.
“Жабырлануучу Талас облусунун тургуну болот. Ал №86123 аскердик бөлүгүндө нөөмөтүн өтөп жаткан. Алгач мага бөлүмдүн командири анын пневмания болуп, ооруканага жатып калганын маалымдаган.
Андан кийин бутунда шишиги бар экени аныкталган. Андан соң республикалык ооруканага жиберилген. 4-июнь күнү дарыгерлер операция кылышкан. Анын жыйынтыгында табарсыгы жарылып кеткени аныкталган. Жоокер туугандарына аскер бөлүктүн командири аны табарсыкка тепкенин билдирген. Учурда анын абалы туруктуу оор деп бааланууда”, — деди ал.
У.Шамырканов №86123 аскердик бөлүгүнүн командири иштен алынганын билдирип, аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө жүрүп жатканын жана бул ишке тиешеси бар адамдар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
Буга чейин жоокерди сабалышы боюнча прапорщик Ж.у.Т., кармалган.