
Президент Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына катышат. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Бүгүн, 8-июнда, Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет», — деп айтылат маалыматта.
Салтанаттуу иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.