Бүгүн, 8-июндан тарта “Камбар-Ата – 1” ГЭСи нин курулуш иштери башталды. Ири долбоорду ачуу аземине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев катышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
” Биздин өлкө үчүн маанилүү болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталып жатканы менен куттуктайм. Орто Азиядагы эң ири ГЭСти куруу жумуштары башталууда.
Суу тартыштыгы жыл сайын күч алып, суу мындан ары көбөйбөй турганы айтылып келет. Ааламдашуу менен өлкөдө электр энергияга муктаждык чоң. 30 жыл мурда биз электр энергиясын экспорттоп келсек, азыр импорттоп жатабыз. Суу башында туруп электр энергиясын импорттоо уят нерсе.
Энергетикалык коопсуздукка жетишүү үчүн бардык тапшырмаларды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз.
Буга чейин биз чакан ГЭСтерди курууга маани берип келсек дагы, ишке ашыра албай келебиз. Энергияны экспорттоого өтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө жалгыз Токтогул суу сактагычын карап отурабыз.
Акыркы жылдары кыш мезгилинде санааркап отуруп кыштан чыгып келебиз.
Буйруса “Камбар-Ата-1” ГЭСин иштетип алсак , “Камбар-Ата-2” ГЭСиин жалпы кубаттуулугу артат. Жалпы 1000 МВт кубаттуулукка жетебиз.
“Камбар-Ата-1” иштеп калса коңшу өлкөлөргө да пайда болот. Суу энергетикалык баланс аймакта турукташат. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, 234 млн доллар кошумча каражат болот.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин ачуу негизги парзыбыз болуп, ушул убакка чейин жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин натыйжасында 1.5 млрд доллар каражатын бөлөбүз.
Кызыкдар болуп жаткан Казакстан менен Өзбекстандын инвестицияларына даярбыз. Алардын кол кабыш аракеттерин кубануу менен кабыл алабыз.
Экологияга терс таасирин тийгизген электр энергия булактарын азайтып, ГЭСтерге өтүшүбүз керек. Биз өз потенциалыбыздын 11 пайызын эле колдонуп жатабыз.
Экономикалык кыйынчылыктарга карабай бул долбоорду баштап, жапа тырмак киришип жатабыз. Жогорку Кеңешке , Министрлер кабинетине тиешелүү көмөк көрсөтүүгө чакырам.
Буйруса бул долбоор ишке ашса, элдин бакубат жашоосуна, экономиканын көтөрүлүшүнө өбөлгө түзүлөт”,- деди Садыр Жапаров.
Буга чейин белгилүү болгондой, ГЭС түшө турган жерге көпүрө куруп, туннелди аягына чейин казуу керектиги белгиленип, бул иштер өкмөттүн өз күчү менен жасала турганы айтылган.
Биринчи кезекте куруучулар объект үчүн аянтты даярдоо иштери менен алек болуп, куруу иштеринин биринчи баскычы 3.5 жылдан 5 жылга чейинки убакытты алса, андан соң ГЭСтин өзүн тургузуу жумуштары аткарыла баштайт.
Станцияны курууга коңшу Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттери да кызыкдар экендигин билдирип келүүдө. Бирок, азырынча алар долбоорго кошулуу чечимин кабыл ала элек. Учурда Кыргызстан куруу иштерин инвесторлорсуз баштап жатат.
“Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүнө негиз боло турган энергетика тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылып келүүдө.
Бир катар адистердин айтымында ГЭСти толугу менен тургузууга 2 млрд – 5млрд долларга чейин каражат керектелет.
2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турган.
30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.