Айбек Осмонов Эдил Байсаловго: “Комментарий бербей, жөн отуруңуз”

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кенештин жыйынында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова чет жактарда камалгандар боюнча маалымат берген. Жыйында депутат Айбек Осмонов Кытайда канча кыргыз абакта жатат деген суроо узаткандаМинистрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов мындай иштер менен Тышкы Иштер Министрлиги алектенет деп жооп берген.

Буга эл өкүлү Эдил Байсаловго мындай мүнөздө кайрылды:

  • -Сизге да кайрылгандар болсо керек, бизге жүздөгөн адамдар кайрылып жатат, ошону которуп бериңизчи деп, инибиз же эжебиз, бөлөбүз камалып кетти деп. Ошонун бирөөнү айтып бериңизчи? Айталбайсыз. Ошондуктан мен Акыйкатчыдан маалымат сурап жатам, тынч отуруңуз, – деди Осмонов.
YouTube video

Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова отчет берип жатат.

Жалпы чет өлкөлөрдө 1600 кыргызстандыктар ар кандай кылмыштар үчүн мөөнөтүн өтөп, абактарда отурушат.