Талас шаарында кортеж айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, айрыкча мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан жол кырсыктарын болтурбоо максатында мектептерде жана башка чогулуш жыйындарда түшүндүрүү иштери күч алууда.

WhatsApp Image 2022 06 07 at 14.14.07 Талас шаарында кортеж айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Тантиев Асрол жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте унаа айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Үлпөт тойлорго жана башка иш чараларга такси кызматтарын көрсөткөн жалданма айдоочулар менен жолугушуу өткөрүлүп, аларга мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “кортеж” уюштуруу кооптуу экендиги айтылды. Кыргыз Республикасынын бузуулар Кодексинин 189-беренеде ( Автохулиганство) көрсөтүлгө талаптар бузулса, 7500 сом айып пул салынып, унаалар унаа коюуучу жайга токтотулаары эскертилди.
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы