Прапорщик жоокерди сабап салган

Беловодское айылында жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин прапорщиги жоокерди сабап салган. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары Instagram социалдык тармагына жазып чыгышты.

Бекзат Эсенбеков 2021-жылдын ноябрь айынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде аскердик кызмат өтөп келген. Туугандарынын айтымында, аны 31-майдан 1-июнга караган түнү прапорщик Төрөбай Жаныбек уулу ур-токмокко алган