Ырчы Гүлнур Асанова өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу «SUPERTV»га берген маегинде өгөй атасына болгон таарынчын эске салып, эн оор маек болгонун билдирди.
«Ушул маек жашоомдогу эң оор, жан дүйнөмдү оодарып, жүрөгүмдү зыркыраткан маектердин бири болду»….
«Биз пендебиз, эртеңки күнү бизди кандай тагдыр күтүп турат экенин жалгыз Жараткандан башка эч ким билбейт»…
«Кээ бир ташбоор адам, сенин чек араңа ашына кирип, андагы жанып турган шам чыракты өчүрүп, сага түбөлүк караңгылыкты каалап, сынып калышыңды тилейт экен. А бирок, Жараткандын мээрими чексиз, экинчи чоң шам чырак менен жарык берет тура».
«Мен башка эч нерсе жазгым келбейт».
«Чын жүрөктөн кечирдим!»,-деп жазды.
Гүлнур Асанова Супер.твга берген маегинде өгөй атасынын «намысын» текшерткенде катуу таарынганын билдирди. Ал он үч жылдан бери аны көрбөгөнүн кошумчалаган.