
Бишкектеги «Эл эмне жейт» тез татымындагы ууланууга стафилококк себеп болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди.
«Тез татымды текшердик. Алар жабылып, айып пул салынды. Мындан тышкары сендвич чыгарылган фирмаларды текшердик. Стафилококк салаттын жалбырагы менен помидордон табылды», — деп билдирди Эсенгулова.