Кыргыз-тажик чек арасында ок атылууда. Тажик тарап миномет колдонду

Бүгүн, 03-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен атышуу орун алды.

Баткендеги Булак-Башы аймагында тажиктер кирип келгендигине байланыштуу ок атылган.

Мыйзам алдында чыгып кетүүгө баш ийбей тажик чек ара аскерлери кыргыз тарапты укпай, тажик тарап миномет колдонушкан.

Учурда кыргыз тарапта жоготуулар жок.

Кырдаалды калыбына келтирүү максатында Баткен областынан полковник     К. Толонбаев жана полковник Р. Миршакиров сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Саат 13:00го карата атышуулар токтогон жок.