13 жашар кызга чагылган тийип көз жумган. Чагылган тийген бактын видеосу тарады

Токмок шаарында 13 жашар кызга чагылган тийип көз жумганы айтылган. Бул тууралуу социалдык тармакта чагылган бакка тийген жер жана ошол аймак тууралуу видео маалымат тарап жатат.

Маалыматка караганда, андан тышкары 13 жаштагы кыз менен 17 жаштагы бала реанимацияда. Алар катуу жааган жамгырдан жашынуу үчүн мектептин жанындагы бактын түбүнө корголошкон.