
21-июндан тарта Үрүмчү—Бишкек—Үрүмчү авиакаттамы жанданат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги билдирди.

Рейс шейшемби күндөрү South China Airlines тарабынан аткарылат.
Эске салсак, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдары COVID-19 пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында токтотулган