Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды, облус башчысы жеринде иш алып барууда

Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек автоунаа жолу ачылды.

Кечээ, 1-июнда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн башчысы Т.Асакеев менен биргеликте саат 20:00дө Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна жөнөп кетишкен. Жеринде 15 техника иш алып барып, учурда Чоң-Ашуу ашуусу ачылып, тазалоо иштери улантылууда. Тоют жеткирип барган автоунаалар жерине барып, кайра кайтып келүүдө. Жолдо калып калган автоунаалар жок. Сырт өрөөнүндө табигый кырсыктан өлгөн малдын саны жана чыгымы такталууда. Кар кѳчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 29-майынан 30-майына караган түнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек автоунаа жолуна 4 жерден 80 000 м 3 кар кѳчкү түшүп, тазаланган. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 30-майындагы №177-Т “Райондун аймагындагы Каракол-Энилчек автоунаа жолунун убактылуу жабылуусу жѳнүндѳ” тескемеси чыгарылып, посттор уюштурулган.

30-июнда инженердик техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жолдун бир тарабы ачылган. Бул маалыматты Ак-Суу районунун жарандары угуп мал жандыктарына тоют жеткирүү үчүн 15тей жүк ташуучу жана жеңил унаалар Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүнө чыгышкан.  Саат 16:00 чамасында ашууда бороон башталып, кар тынбай жаап, Чоң-Ашуу ашуусунда кайрадан кар кѳчкүлөр бир нече жеринен түшүп жол жабылып калган.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Ак-Суу районунун 15 чактыдай тургундары Каракол-Эңилчек автоунаа жолунда бир нече автоунаа калып калгандыгы тууралуу кайрылышкан.

Маалымат түшөөр замат КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У. Далиев жетектеген штаб уюштурулуп, облустук ЖК кызматтарына, тийиштүү мекеме ишканаларга тез арада кырдаалды жоюу боюнча тапшырма коюлган жана тиешелүү кызматтардын инженердик техникаларын көчкү түшкөн аймакка тартууну уюштурган.