
Бишкекте мончодон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 31-майда кечки саат 20лар чамасында Салиев көчөсүндө мончо күйүп жатканы туурасында маалымат түшкөн.
Өрт өчүрүүчү 4 бөлүк тилсиз жоону саат 21:10до чектөөгө алып, саат 23:18де толугу менен өчүрүшкөн.
Өрттүн кесепетинен Свердлов районунун Салиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 320 чарчы метрди түзгөн ”Status” мончосунун чатыры жана буулануу бөлмөсүнүн жыгач жасалгалары күйгөн.