Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары дайындалды

Айнура Султанбаева президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Айнура Султанбаеваны жамаатка президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирбек Кожоев тааныштырды.

Ага облус башчысы Алтынбек Сулайманов, мекемелердин жетекчилери жана облус активдери катышты.