
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда кар калың жаагандыгына байланыштуу жол убактылуу жабык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына чейин каттоочу каттам токтоп, кар көчкү түшүү кооптуулугу сакталууда.
Жерине №3 жол тазалоочу ишканадан 1 жүктөгүч тартылып, жол тазалоо иштери жүрүүдө.