
Туманбаев Каныбек Тургунбекович президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, К.Туманбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык дайындалып, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Батырканов Тилек Карыбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин иш башкаруучусу ээлеген кызматынан бошотулду.