Талас РИИБдин кызматкерлери эрте никеге турууга каршы иш алып барышууда.
Бул тууралуу Булак. кж редакциясына Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Талас районунун Атай Огонбаев айылынын М.Козубеков атындагы орто мектебинде балдар менен иштөө инспекциясы бүтүрүүчү класстардын окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрүштү. Анда эрте никеге туруу зыяндуу экени, кыз ала качуу кылмыш экендиги айтылып, балдардын билимге болгон умтулуусун арттыруу керектиги белгиленди.
Окуучулар атайын ушул темада өздөрүнүн демилгеси менен презентация уюштуруп, теманы ачыктап, кыз ала качуу адамдын эркине каршы кылмыш болгонун жана алар билим алып, зордук-зомбулуксуз өз каалоолору менен бактылуу турмуш кургулары келгендигин билдиришти. Презентацияынын жүрүшүндө окуучу бала ататсы менен Манас эпосунан үзүндү айтып, кыргыздын каада-салтын жана наркын жогорулатуучу мааниде манас айтуу менен жолугушуунун катышуучуларына кайрылуу жасады.
Анда кыргызда зордук зомбулук көрсөтүү болгон эместигин, ата-эненин балага камкордугу, улуттук намыс бийик тураары айтылды.
Милиция кызматкерлери ата-энелерге кыздардын укуктарын коргоо милдет экендигин, ага карата биргеликте иш алып барыш керектигин эскертишти.