
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 27 май күнү саат 19:10до нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам, кокту-колоттордон келген сел суулар Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун каптаган.
Андан сырткары Топ-Жаңгак – Кызыл-Көл автоунаа жолдун айрым жерлерине кум-шагылдар түшүп, жолду жаап калган деген маалымат түшкөн.
Белгиленген аймакка Аксы районунун ӨК бөлүм башчысы жетектеген ыкчам топ тартылган.