Мугалим кол көтөргөн окуянын чоо-жайы, – видео толугу менен

Кечээ, 25-майда соцтармактарда мугалим менен окуучунун ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыр чыккан видео тараган. Ал видеонун толугу менен тактап айтканда биринчи бөлүмү көрсөтүлдү.

Анда окуучу кыз мугалим менен көпкө чейин айтышып, анын кызына карата сөздөрдү айткан. ага чыдабаган мугалим окуучуну чапканга мажбур болгон.

Социалдык тармактарда окуучу кызды мугалим сабап жаткан видео тасма боюнча комиссия түзүлгөн.

Окуя 23-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгон. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими, кыз 7-класстын окуучусу.

Сузак райондук билим берүү бөлүмү түзгөн комиссия окуяны 26-майда териштирип, чечим кабыл алат.