Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди

Бүгүн, 26-майда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

Казакстан президентин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров тосуп алып, алар Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында конгресс холлдун алдындагы салтанаттуу аземге катышып, ардак кароол тизилип мамлекеттердин гимндери жаңырып, тараптардын делегациялары тааныштырылды.

Токаевдин расмий иш сапары эки өлкөнүн дипломатиялык алакаларынын 30 жылдык юбилейине туш келди.


Белгилей кетсек, казак-кыргыз мамилелеринде тарыхта 180дей мамлекет аралык, өкмөт аралык документтерге кол коюлган.
Бүгүнкү программа боюнча өлкө башчылары алгач тар форматта сүйлөшүүгө кирсе андан соң кең форматтагы сүйлөшүү белгиленген. Андан кийин эл аралык документтерге кол коюлуп, өлкө башчылары бирге маалымат беришет.


Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосунда соода-экономикалык байланыш тыгыз болуп, былтыр 2021-жылы 1 млрд 59 млн долларга жеткен. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 30 пайызга өскөн.
Кыргызстан Казакстан республикасы менен Евразия экономикалык биримдик жана ЖККУ уюму боюнча да тыгыз байланышта иш жүргүзүп келет.