Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип, эки өлкө мамилелерин жөнгө салуучу бир катар документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарга төмөнкүдөй сөздөрү менен кайрылып, маалымат берди:
“Урматтуу Касым-Жомарт Кемелович, маалымат каражаттары. Бүгүн мен Казакстан президенти жана делегацияны тосуп алганыма кубанычтамын.
Биздин жолугушуубуз, келишимдер мамлекеттердин мамилелеринин жана бекем саясий диалогдун белгиси.
Саясий, экономикалык, гуманитардык жана маданий чөйрөлөр боюнча макулдашууларга жетиштик.
Мындан ары эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча иштер аткарыла берет. Биргелешкен индустриялык соода-логистикалык борборду куруу иши башталып капсула коюлду.
Кыргызстан менен Казакстан позициялардын окшоштугун белгилеп, гоесаясий жактан коопсуздук боюнча бирге иш алып барат. Евразия экономикалык биримдиги, ЖККУ жана Шанхай кызматташтык уюму боюнча мамилебиз улана берет.
Бүгүн казак элинин улуу акыны Абай Кунанбаевдин эстелигин ачуу аземине катышабыз. Өз кезегинде Казакстанда Манас атабыздын эстелиги тургузулат.
Мамлекеттербиздин аймагында үрп-адат, салт-санаабызды өркүндөтүү боюнча шарттар түзүлө берет. Бир туугандык мамилелерибиз да чыңдалышына ишеним чоң”,-деп билдирди.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өз кезегинде төмөнкүдөй ойлорун айтып, маалымат берди:
“Садыр Нуркожо уулу Жапаровго Кыргызстанга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирем. Казак-кыргыз дипломатиялык мамилеге 30 жыл толуп жатат. Алакаларды жаңы деңгээлге көтөрө берүү аракеттери уланат.
Азыркы дүйнөдөгү экономикалык оор абалда соода-экономикалык мамилелерди бекемдей берүү зарылдыгы бар.
Ортобуздагы алакалар 1 млрд долларга жетти, жакын арада 2 млрд долларга жеткирүү боюнча келиштик.
Ошондой эле соода-логистикалык борборду куруу боюнча чогуу иш алып баруудабыз.
Чек арадан жүк ташуу маселелери да жеңилдетилиши каралды. Бүгүнкү жолугушууда бир нече келишимдерге кол коюлду.
Алдыда суу энергетика тармагында да кызматташуу артат. Келечекте суу көп болбой, тартыш болору анык. Ошондуктан биз аны жөнгө салуу иштерине көңүл коюп, биргелешип иштөөбүз зарыл.
Бүгүн, Бишкекте улуу Абай Кунанбаевдин эстелигин ачууга да катышабыз”-деп билдирди.