Ички иштер органдарынын ардагери Кубанычбек Асанов “Теңир-Тоолук кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери” аттуу китебин тартуулады
Кечээ, 17-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагери Кубанычбек Асанов “Теңир-Тоолук кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери” аттуу китебин тартуулады.
Аталган китепте, Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн мурдагы кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлеринин, касиеттүү “Теңир-Тоо” жергесиндеги кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана алдын алууда, элибиздин коопсуздугун камсыз кылууда, өздөрүнүн ак ниет кызматы, эбегейсиз эмгектери менен айырмаланган, Ата-Мекендин алдында берген Анттарын ыйык тутуп, абийирдүүлүк менен кызмат өтөгөн, күжүрмөн жолундагы орчундуу окуялары, эскерүүлөрү топтолуп, окурмандарга, келечек-муундарга сунуш кылат.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Асанов 1952-жылы Прежевальск шаарында туулган. Караганда шаарындагы милициянын жогорку мектебин аяктаган, милициянын отставкадагы подполковниги, ички иштер органдарында бир катар кызматтарда эмгектенип, Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам өкүлү кызматынан ардактуу эс алууга кеткен.
Кызмат жолунда жогорку көрсөткүчтөрү үчүн СССРдин ЦК ВЛКСМ, Кыргыз ССРнин ЛКСМ, Нарын обком, шаардык комсомол уюмдарынын жана ИИМдин ведомстволук медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланган.
Иш-чаранын жыйынтыгында, Ички иштер органдарынын ардагеринин жубайы Иманова Жумакан “Офицердин жубайы” медалы менен сыйланды.