
Тажикстандын «Азия-Плюс» агенттиги бийликтин кысымынан улам Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы соңку окуяларды чагылдыруудан баш тартканын билдирди. Агенттик 17-майда алар жабылуу коркунучуна кабылганын белгиледи.
“Буга чейин “Азия-Плюс” Башкы прокуратурадан расмий жана башка структуралардан бейрасмий эскертүү алган. Алар биздин басылма Тоолуу Бадахшандагы окуяларды “бир тараптуу” чагылдырууда жана өлкөдөгү кырдаалды бейстабилдештирүүдө деп эсептешет”, – деп билдирди агенттик.
Маалыматка караганда, аларга “кемчиликтерди жоюу көрсөтмөсү берилди”, же болбосо жабылары эскертилди.
Бийликтин позициясы жана “кемичликтерди жоюу” деген эмнени билдирери белгисиз.
Автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясында киши өмүрү кыйылганы белгилүү болгон.