
Бүгүндөн тартып «Ала-Тоо» аянтынын автоунаа жүргөн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу бир жумага жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.