Лейлек районунда ички коопсуздук көзөмөлдөнүүдө

 Бүгүнкү Лейлек районунда тажик тараптын ок атуусунан улам Баткен ОИИБдин өздүк курамы көтөрүлгөн "Айгайдын" негизинде башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте жерине барып абалды турукташтырууда.

 Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Тажикстан Республикасынын Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджуанов менен чек арада жолугуп, эки элдин ортосундагы коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.  

 Учурда милиция кызматкерлери аталган аймактарда кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы