Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 12-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.
Ал ошондой эле, Орусия өзүнүн темир жолун оңдоп-түзөп жатканына байланыштуу Бишкек-Москва поезд каттамы 2023-жылга чейин жанданбайт деген жооп алышканын айтты.
Февраль айында Казакстан өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн катташына уруксат берген. Бул маселе 15-16-февраль күндөрү Алматыда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча жумушчу топтун жыйынында кабыл алынган.
Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Ага чейин жумасына эки жолу Бишкек — Москва, сегиз күндө бир жолу Бишкек — Новосибирск жана аптасына бир ирээт Бишкек — Казань каттамы болгон.