Талас ШИИБи жаңы авто унаа менен толукталды


Элдин коопсуздугу үчүн “Альянс Алтын” компаниясы Талас ШИИБне кызматтык унааны белек кылды.

Талас шаары Талас облусунун борбор шаары. 40 миңден ашык калкты элүүгө жакын милиция кызматкери тейлейт. Бир күндө ондон ашык чакыруу түшүп, кызматкерлер шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылып келет. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, алдын алуу иштерин байма-бай жүргүзүп жатат. Шаар аймагында кандай гана кылмыш, кырсык же окуя болбосун 102 кызматына күнү-түнү чакырууларга өз убагында барып, оперативдик топ чыгуу үчүн, буга чейин 2008-жылы чыгарылган “УАЗ-390902” үлгүсүндөгү автоунаасынын иштетилүүчү мөөнөтү өтүп, эскилиги жеткен эле. 2021-жылынын 12 айы ичинде нөөмөт бөлүмүнө жалпы 2115 чакыруу катталган. Алардын баардыгы каттоого алынып, ыкчам чаралар көрүлөт.

WhatsApp Image 2022 04 11 at 12.22.38 1 Талас ШИИБи жаңы авто унаа менен толукталды

Жарандардын кайрылууларына жана ар кандай 102 билдирүүлөрүнө өз убагында жетүү үчүн жана Талас шаарынын калкынын коопсуздугун жакшыртууда “Альянс-Алтын” компаниясынын алдындагы “Бакубат Талас” фонду тарабынан “Степ вагон” үлгүсүндөгү автоунаасын материалдык колдоо катарында алып берди. Аны тапшыруу аземине бүгүн Талас шаарынын мэри Шабданов Аскар, Альянс Алтын компаниясынын өкүлү Өмүралиев Болот, Бакубат Талас фондунун өкүлдөрү, Талас ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Тантиев Асрол өздүк курамы менен катышты.

Милицияга көрсөтүлгөн колдоо-жалпы жарандардын коопсуздугун коргоо экендигин түшүндүрөт. Элдин тынчтыгы жана коомдун тартиби мамлекеттин өнүгүүсүнө шарт түзөт-деп ШИИБнин начальниги Тантиев Асрол Алтын Альянс компаниясына ыраазычылыгын билдирди.
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 04 11 at 12.22.38 1 1 Талас ШИИБи жаңы авто унаа менен толукталды
WhatsApp Image 2022 04 11 at 12.22.39 Талас ШИИБи жаңы авто унаа менен толукталды
WhatsApp Image 2022 04 11 at 12.22.40 Талас ШИИБи жаңы авто унаа менен толукталды
Талас ШИИБи жаңы авто унаа менен толукталды