
Эртең, 12-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 19:00гө чейин Панфилов, Фрунзе, Манас проспектиси жана темир жол линиясы тарапта суу өчүрүлөт.
«Шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт»,-деп айтылат маалыматта.